Пакистандан келе жаткан 21 тонна уй эти өлкөгө киргизилген жокБишкекте жана аймактарда күн сайын өтүүчү Жаңы жылдык жарманкелер уюштурулуудаАшууларда кар жаап жатат, бирок жол ачык2025-жылы соода жана жер казынасы Кыргызстандын бюджетинин негизги донорлору болушту26-декабрга карата аба ырайыБишкек абанын булганышы боюнча 13-орунду ээледи
Бишкектин бир бөлүгүндө 11-мартта таза суу өчүрүлөт
07.03.2025 | 16:23
Бишкектин бир бөлүгүндө 11-мартта таза суу өчүрүлөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Суу Анкара көчөсү – Горький көчөсү, Аламедин суусу, темир жол тилкеси жана Октябрь көчөлөрү менен чектелген аймакта саат 09:00дон 15:00го чейин жок болот.
Таза суу «ХБО» суу кампасындагы жана шаардагы түтүктөрдү оңдоо иштерине байланыштуу өчүрүлөт.
«Бишкексууканал» ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, сууну алдын ала камдап алууга чакырат.

Рубрики: Жаңылыктар, Коом