Бишкектин Калинин көчөсүндөгү көпүрө оңдоо иштерине байланыштуу жабылатКожомкул атындагы спорт сарайына заманбап бассейн салынатМихаил Шайдоров Казакстанга фигуралык муз тебүү боюнча Олимпиаданын алтын медалын алып келди15-февралга карата аба ырайыЖашы жете электи зордуктоого шектелгендерди жоопкерчиликтен бошоткон. Кеминде Тергөө кызматынын башчысы кармалдыИшкерлерден акча талап кылып жүргөн. Ошто жалган милиция кызматкери кармалды
Бишкекте автоунаа оңдоочу жайдан өрт чыкты
07.03.2025 | 17:04
Бүгүн, 7-мартта Бишкектин Алма-Ата көчөсүндө жайгашкан автоунаа тейлөөчү борбордон өрт чыгып, 4 унаа күйүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалыматта айтылгандай, чыккан өрт саат 15:15те чектөөгө алынып, саат 16:03тө толук өчүрүлгөн. Өрттүн жалпы аянты 150 чарчы метрди түзгөн жана 4 унаа толугу менен күйүп кеткен. Жабыркагандар жок.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар