Бишкек абанын булганышы боюнча 13-орунду ээледиКышкы каникул расмий түрдө 12-январга чейин узартылдыПрезидент эмдиги жылы апрелден тарта айлык акылар көбөйтүлөрүн айттыСаламаттык сактоо министрлиги бейтапканалардагы узун кезектин себебин түшүндүрдүЕАЭБ менен Индонезия эркин соода жөнүндө келишимге кол коюштуАрашан айылынын информатика мугалими балдарды санариптик келечекке кантип даярдап жатат
Чаткал районунда унаа жол кар көчкүдөн улам жабылды
07.03.2025 | 17:34
Бүгүн, 7-мартта Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Ала-Бука – Жаңы-Базар – Кировка унаа жолунун 74-чакырым аралыгында кар көчкү түшүп, саат 15:00дөн тарта жол жабылды. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган жолдун 85-87 чакырым аралыгына, ошондой эле Красная-Горка – Ак-Таш унаа жолунун 1-4 чакырымына чейинки аралыкта кар көчкү түшүү кооптуулугу жаралган. Мындан улам аба ырайы турукташканга чейин унааларга чектөө киргизилген. 34-101-чакырымдарында ИИМдин кызматкерлери тарабынан атайын посттор уюштурулган.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар