Царикаевдин сабалышы: Күнөөлүүлөр сөзсүз жазасын алышы керек – мэрЭртең Бишкектин айрым бөлүгүндө суу убактылуу өчүрүлөтБишкекте жыл сайын өткөрүлүүчү кимчи фестивалы өттүБишкекте автобус кулап кеткен адамдын башын тебелеп кеттиИИМ Екатерина Биволду сыртынан камакка алып, издөө жарыяладыАдылбек Касымалиев КУУга III даражадагы «Манас» орденин тапшырды
Бороондо калган айдоочулар куткарылды
10.03.2025 | 09:36
Бороондон улам ашууда калган 5 оор жүк ташуучу унаа менен 2 автоунаа куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалыматта айтылгандай, 9-мартта Нарындын Кара-Кужур – Солтон-Сары жолунун 43-чакырымында бороондон улам кар күрткү пайда болуп, 7 жүк ташуучу унаа жолдо калып калган.
Жерине куткаруучулар жана техника тартылган. 10-мартта саат 05:30да жол кар күрткүдөн тазаланып, жолдо туруп калган 5 оор жүк ташуучу унаа жана 2 Mercedes-Benz унаасы сапарын уланткан.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом