Садыр Жапаров Маданият жана искусство университетинин жаңы корпусун ачтыКыз ак калпакты өрттөп, тойлордо белек берүү салтынан баш тартууга чакырдыБишкекте СТО жайгашкан имараттагы өрттөн бир адам каза болдуСом түштүк корея вонуна карата бекемделип, британ фунтуна карата алсырадыПРООН киберкылмыштуулук менен күрөшүүчү адистерди даярдоого жардам беретЖети-Өгүз районунда жетим балага үй куруу үчүн жер тилкеси берилди
Бишкектин айрым аймактарында 13-мартта суу өчүрүлөт
10.03.2025 | 09:53
Бишкектин айрым аймактарында 13-мартта ичүүчү суу өчүрүлөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Суу Достоевский, Анкара, Ауэзов көчөсү жана темир жол менен чектелген аймактарда, ошондой эле «Алтын Ордо», «Кара-Жыгач», «Полицейский городок» конуштарында саат 09:00дөн 18:00гө чейин жок болот. Таза суу оңдоо иштерине байланыштуу өчүрүлөт.
«Бишкексууканал» ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, сууну алдын ала камдап алууну суранат.

Рубрики: Жаңылыктар, Коом