Улуттук банк ислам принциптери менен иштеген банктарды жөнгө салуучу ченемдерге өзгөртүүлөрдү киргиздиДүйнөлүк банк Кыргызстандагы билим берүү долбооруна 6,36 млн доллар каржыладыМихаил Фрунзенин мемориалдык үй-музейинин 100 жылдыгына арналган көргөзмө өтөтКоомдук тамактануучу жайларда тейлөө үчүн кошумча акы алууга тыюу салындыКыргызстан айыл чарбага спутниктик технологияларды киргизүүдөБакыт Төрөбаев: Айылдарда ичүүчү суу көйгөйүн чечүү үчүн 1,2 млрд доллар инвестиция керек
“Кыргызфармация” ишканасына жаңы жетекчи дайындалды
13.03.2025 | 11:54
“Кыргызфармация” мамлекеттик ишканасына жетекчи болуп Талант Султанов дайындалды. Бул тууралуу аталган ишкананын маалымат кызматы билдирди.
Жаңы жетекчини эмгек жамаатка министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жана саламаттыкты сактоо министри Эркин Чечейбаев тааныштырган.
47 жаштагы Талант Султанов эл аралык мамилелер боюнча Сан-Франциско университетинде, эл аралык каржы боюнча Колумбия университетинде билим алып, Гарвардда окуган.
Ал буга чейин Кыргызстандын санариптешүүсү боюнча иш жүргүзгөн “Таза Коом” жумушчу тобунун координатору болуп иштеген. Стратегиялык изилдөө институтун да жетектеген. Ошондой эле 2017-жылы мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковдун кеңешчиси болгон.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом