Ысык-Көлдө кайрадан «Салбуурун» фестивалы өттүШвециялык Йонас Андерссон Ысык-Көлдө өткөн суудагы «Формула-1» жарышынын квалификациясында жеңишке жетти«Аэро Номад» 3-августтан тарта Бишкек–Үрүмчү багыты боюнча түз аба каттамдарын ачат2-августка карата аба ырайы: +39°C чейин ысык болуп, жаан-чачын күтүлбөйтСаламаттык сактоо министрлиги санариптик сервистерди өнүктүрүүнү тапшырдыКыргызстандын мурдагы башкы прокурору Камбаралы Конгантиев дүйнөдөн кайтты
Айрым кылмыштарга мунапыс берилбейт. Мыйзам долбоор колдоо тапты
13.03.2025 | 12:24
Бүгүн, 13-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында айрым кылмыштарга мунапыс берүүнү жокко чыгаруу боюнча мыйзамга өзгөртүүлөр 3-окууда кабыл алынды.
Мыйзам долбоорду Жогорку Кеңештин депутаттары Эрнис Айдаралиев, Марлен Маматалиев, Динара Ашимова, Айбек Маткеримов демилгелеген.
Мыйзам долбоорго ылайык, төмөнкү кылмыштар жасалган учурда мунапыс жөнүндөгү мыйзам колдонулбайт:
- террористтик ишти каржылоо;
- террористтик ишти жүзөгө ашырууга эл алдында чакыруу;
- уюшкан топторду жана кылмыштуу жамааттарды каржылоо;
- курал-жарактарды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү;
- диверсия.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом