Нарын облусунда өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 2,5 эсеге өстүБишкекте «Ай, да Масленица!» аталышындагы майрамдык сейилдөө өтөтПрезиденттин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү алмаштыБишкекте кыргыз-тажик өкмөттөр аралык кеңешинин биринчи жыйыны өттүБишкек соода орундарынан түшкөн жалпы кирешенин 60 пайыздан ашыгын камсыздайт. Базарларга талдооКыргызстанда Улуттук лабораториялык кызмат түзүлөт
Айрым кылмыштарга мунапыс берилбейт. Мыйзам долбоор колдоо тапты
13.03.2025 | 12:24
Бүгүн, 13-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында айрым кылмыштарга мунапыс берүүнү жокко чыгаруу боюнча мыйзамга өзгөртүүлөр 3-окууда кабыл алынды.
Мыйзам долбоорду Жогорку Кеңештин депутаттары Эрнис Айдаралиев, Марлен Маматалиев, Динара Ашимова, Айбек Маткеримов демилгелеген.
Мыйзам долбоорго ылайык, төмөнкү кылмыштар жасалган учурда мунапыс жөнүндөгү мыйзам колдонулбайт:
- террористтик ишти каржылоо;
- террористтик ишти жүзөгө ашырууга эл алдында чакыруу;
- уюшкан топторду жана кылмыштуу жамааттарды каржылоо;
- курал-жарактарды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү;
- диверсия.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом