Шыкмаматов курулуш тармагындагылар салык төлөбөй жатканын айтты

Шыкмаматов курулуш тармагындагылар салык төлөбөй жатканын айтты

«Шаарлардын жана айылдардын көрүнүшүн өзгөрткөнүңөр менен, тилекке каршы, көбүңөр өзгөрүүгө умтулган жоксуңар». Салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов архитекторлорду, долбоорчуларды, дизайнерлерди салык төлөбөй жаткандыгы үчүн сындады.

Анын айтымында, курулуш тармагындагы аты аталган адистердин 60%ы ар кандай жолдор менен көмүскөдө иштеп, салык төлөөдөн качып келишет.

«Мисалга алсак, «Мырза-Проект» ЖЧК, «ТУРАН констракшн» ЖЧК, «Данпроф-строй» ЖЧК сыяктуу отчет бербеген көптөгөн компаниялар бар. Ал эми «Аманат Инжиринг» ЖЧК жана «В климат» ЖЧК өз кызматкерлери үчүн киреше салыгын төлөшөт, бирок жүгүртүүлөрү тууралуу маалыматты көрсөтпөй коюуну туура көрүшөт. Эгерде компанияда кызматкерлердин эмгек акысына каражат болсо, демек ал иштеп, киреше таап жатат дегенди билдирет. Бул жерден мыйзам ченемдүү суроо жаралат – салыктар кана?», -деди ал.

Шыкмаматов бул сектордо көп учурда курулуш компаниялары да салыктан качууга аракет кыларын айткан. Ал салык кызматы учурда алардын ишиндеги төлөмдөрдү жана каржылык агымдарды талдап жатканын, текшерүү күчөтүлөрүн, салыктан төлөөдөн качкандарга айып салынарын билдирген.

Ошондой эле мамлекет бул тармак үчүн салык төлөөнүн жеңилдетилген жолдорун түзүп бергенин кошумчалаган.

«Алсак, ар бириңер Креативдүү индустрия паркынын резиденти боло аласыңар. Ал жерде жөнөкөйлөтүлгөн отчеттуулук жана салыктын максималдуу жеңилдетилген ставкалары белгиленген. 2027-жылдын 1-январына чейин жүгүртүүдөн бирдиктүү салыктын ставкасы – 1%, ал эми 2027-жылдын 1-январынан тартып – 2%, жалданма кызматкерлер үчүн киреше салыгынын ставкасы 10 %дын ордуна 5%, ошол эле учурда жумуш берүүчү камсыздандыруу төгүмдөрүнөн 15 жылга бошотулат. Силердин ишмердигиңерге ылайыктуу болгон салык салуунун башка ыңгайлуу режимдери дагы бар», — деди Салык кызматынын төрагасы.
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>