Бишкекте 3 күн бою изделип жаткан окуучу кыз табылдыБШК №29 округ боюнча шайлоонун жыйынтыгын бекитти7-декабрга карата аба ырайыАк-Сууда көп убакыт аялына зомбулук көрсөтүп жүргөн жаран кармалдыБишкекте 16 жашар окуучу кыз 3 күндөн бери изделип жататЖумуш таап берем деп чакырып, 18 жашар кызды зордуктаган. Сот аны 3 жылга кести
Кыргызстандык самбочулар Москвадагы мелдешке катышат
19.03.2025 | 16:15
Кыргызстандык самбочулар Москва шаарында өтө турган эл аралык мелдешке катышат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Мелдеш 23-26-март күндөрү өтөт. Ага өлкө атынан 5 спортчу барат.
Курама команданын тизмеси:
- Дастан Исаков, Белек Бараканов – 64 кг ;
- Байэл Жакшылыков – 79 кг ;
- Кубаныч Адилет уулу – 71 кг ;
- Фарух Мамаджанов – 88 кг.
Курама команда мелдешке башкы машыктыруучу Азамат Казакбаев жана улук машыктыруучу Ильгиз Каналбек уулу жетекчилиги алдында катышат.
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт