Ошто Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө карата 4 миң көчөт отургузулдуКантта калдыктарды кайра иштетүүчү завод жана муниципалдык базар куруу пландалуудаАдылбек Касымалиев ЖМК өкүлдөрүн Маалымат жана басма сөз күнү менен куттуктадыКыргызстанда Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү белгиленүүдөКыргызстанга өткөн Кара-Жантак айылынын тургундарына үйлөрүнүн документтери берилдиБШК жергиликтүү кеңештердин айрым депутаттарынын ыйгарым укуктарын токтотту
Чүйдүн эки районунда куураган камыштар өрттөндү
19.03.2025 | 16:23
Бүгүн, 19-мартта Чүй облусунун Ысык-Ата районунда, Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунун боюнда куураган камыштан өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Ошондой эле облустун Чүй районундагы Арал айылынын жана Ысык-Ата районунун Гидростроитель айылынын ортосунда ачык аянтта куураган камыштар өрттөнгөн.
Учурда аталган аймактарда өрттү өчүрүү иштери жүрүп жатат. Кошумча маалыматтар берилет.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар