ИИМ президенттин тапшырмасы менен жол эрежесин бузгандардын билимин текшерүү боюнча мыйзам долбоорун кайра чакыртып алдыБишкекте алгачкы жолу пион гүлүнүн дүйнөлүк конференциясы болуп өттү«Asman Airlines» ишканасына эки Airbus A321 учагы сатып алынатДастан Бекешев: Мектептер рейтинг үчүн окуучуларды ЖРТга жибербей жатканы – бул мыйзамсызКыргызстандын айыл чарба продукциясы Япония, Кытай жана Россия базарларын өздөштүрүүдөДастан Бекешев жалпы республикалык тестти мамлекеттин эсебинен каржылоону сунуштады
Балдарды коргоо борборунан качкан төрт кыздын экөө табылды
19.03.2025 | 17:48
Бишкектеги Балдарды коргоо борборунан качкан төрт өспүрүм кыздын экөө аман-эсен табылды. Бул тууралуу шаардын Ленин райондук милициясы кабарлады.
Кечээ, 18-мартта болжол менен саат 13:00 чамасында 14 жаштагы С.Т. менен 17 жаштагы А. К. борбор калаанын аймагынан табылган.
Эске салсак, 14, 15 жана 17 жаштагы төрт кыз Бишкектеги Астрахань көчөсүндө жайгашкан Балдарды коргоо борборунан 14-15-март күндөрү качып кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткандыгы айтылган.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар