Кыргызстанда мамлекеттик “Тунгуч” онлайн-мектеби түзүлдү

25.03.2025 | 17:09

Кыргызстанда “Тунгуч” онлайн-мектебин түзүү боюнча токтом кабыл алынды. Ага өкмөт башчы Адылбек Касымалиев 18-мартта кол койгон. Бул тууралуу “Эркин-Тоо” гезитине жарыяланды.

Токтомго ылайык, онлайн-мектеп 2025-2028-жылдар аралыгында пилоттук негизде иштейт.

Маалыматта айтылгандай, “Тунгуч” онлайн-мектеби мамлекеттик каттоого алынат жана мамлекеттик бюджеттен каржыланат.

Онлайн-мектеп окуучулардын географиялык, социалдык же физикалык чектөөлөрүнө карабастан, аларга бирдей окуу мүмкүнчүлүгүн берүү максатында түзүлдү.

 

Scroll to Top