Шарт түзмөйүнчө эч нерсеге тыюу сала албайбыз — Мэр тыгын маселесин талкууладыКөңүл буруңуздар! 21-октябрда “Ала-Тоо 1” жана “Ала-Тоо 2” конуштарында суу өчүрүлөтБишкек мэри шаарда метро курулабы деген суроого жооп бердиЭнергетика министрлиги: “Кемин” көмөк чордону ноябрга чейин толук даяр болотБаңгизаттарга каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери эл аралык мелдеште 3-орунду ээледиТрамп ноябрдан тарта АКШ Кытайга 100%дык бажы төлөмдөрүн киргизерин билдирди
Акыл Сулайманов Азия чемпионатынын колосу үчүн күрөшөт
26.03.2025 | 18:00
Кыргызстандын грек-рим балбаны Акыл Сулайманов Иорданиядагы Азия чемпионатынын коло байгеси үчүн күрөшөт.
Ал 67 кг салмакта күч сынашууда.
Таймашты чейрек финалдан баштаган Сулайманов биринчи кармашында тажикстандык Асламжон Азизовду 4:3 эсебинде утту. Бирок жарым финалда өзбекстандык Алишер Ганиевге 0:9 эсебинде жеңилип, коло үчүн күрөшө турган болду.
Үчүнчү орун үчүн ал кытайлык Цзыюе Си менен күрөшөт.
Эскерте кетсек, ушул эле мелдеште 67 кг салмакта Раззак Бейшекеев финалга чыкты.
https://reporter.kg/aziya-chempionaty-bejshekeev-finalda-olimpiada-chempionu-menen-kyroshot/
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт