Садыр Жапаровдун TRON блокчейн-платформасынын негиздөөчүсү менен жолугушуусу кандай өттү — кенен маалымат
Президент Садыр Жапаров 18-апрелде TRON блокчейн-платформасынын негиздөөчүсү Жастин Санды кабыл алды, деп билдирет президенттин басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, тараптар Кыргызстандагы виртуалдык активдерди, блокчейн-технологияларды жана санариптик инфраструктураны өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.

Жолугушуунун жүрүшүндө Жапаров Кыргызстан Борбор Азиядагы виртуалдык активдердин жана Web3-технологиялардын регионалдык хабы болууну көздөп жатканын билдирди.
Ал өлкөдө Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар чөйрөсүн өнүктүрүү боюнча улуттук кеңеш түзүлгөнүн, ошондой эле улуттук стейблкоинди ишке киргизүү, борбордук банктын санариптик валютасын сыноо жана пилоттук режимдерди киргизүү боюнча чечимдер кабыл алынганын эске салды.
Мамлекет башчысы ошондой эле Chainalysis компаниясынын маалыматы боюнча Кыргызстан криптовалюталарды кабыл алуу деңгээли боюнча дүйнөдө 19-орунда турганын жана Борбор Азияда алдыда экенин белгиледи.
Анын айтымында, бул мамлекеттен виртуалдык активдер рыногу үчүн ачык-айкын жана ишенимдүү инфраструктура түзүүнү талап кылат.

Өз кезегинде Жастин Сан Кыргызстанда виртуалдык активдер рыногун өнүктүрүүдө чоң потенциал бар экенин айтты. Ал HTX криптобиржасы жана TRON экосистемасы тууралуу маалымат берип, ошондой эле Кыргызстанда виртуалдык активдер тармагында иш жүргүзүү үчүн лицензия алуу пландары менен бөлүштү.
Мындан тышкары, басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, Сан калктын санариптик сабаттуулугун жогорулатуу, блокчейн-технологияларды жана жасалма интеллектти киргизүү боюнча программаларды илгерилетүүгө көмөктөшүүгө даяр экенин билдирди. Ал ошондой эле Кыргызстандын тажрыйбасы коңшу өлкөлөр үчүн пайдалуу болушу мүмкүн экенин, ал эми республика өзү TRONдун Борбор Азиядагы ишмердүүлүгүн кеңейтүү үчүн стратегиялык өнөктөш боло аларын белгиледи.
Жолугушуунун жыйынтыгында Жапаров Виртуалдык активдерди жана блокчейн-технологияларды өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин катчылыгына натыйжалуу кызматташууну жана биргелешкен пландар менен долбоорлорду практикалык ишке ашырууну камсыз кылууну тапшырды.

Ошол эле күнү президент жана TRONдун негиздөөчүсү «Ала-Арча» мамлекеттик жаратылыш паркында болуп, этномаданий программа менен таанышышты. Конокторго кыргыздын каада-салты, турмуш-тиричилиги жана көчмөн мурасы көрсөтүлүп, аларды төкмө акындар тосуп алышты.

Программанын алкагында кыргыз көчмөндөрүнүн жашоосун чагылдырган инсталляциялар жана булгаарыдан, металлдан буюмдарды жасоо көрсөтүлгөн кол өнөрчүлөрдүн чеберканалары тартууланды. Иш-чара жаа атуу, мүнүшкөрчүлүк (кыран куштар менен ууга чыгуу) жана тайган жарыштарын көрсөтүү менен аяктады.
