Талас мамлекеттик университетинин жаңы имараты курулуудаСадыр Жапаров менен UIM президенти Ысык-Көлдө F1H2O дүйнө кубогун өткөрүү мүмкүнчүлүгүн талкуулаштыОш шаарындагы Курманжан Датка көчөсүнө акация көчөттөрү отургузулдуШайырбек Ташиев депутаттык мандатын тапшырдыТИМ: Жакынкы Чыгыштагы кыргызстандыктарды эвакуациялоонун кезектеги этабы башталдыСот аткаруучулар кызматынын жетекчисинин орун басары Кубанычбек Капаловдун cөөгү табылды
65 жаштагы жаран Башкы прокуратуранын алдында өзүнө өрт койду
01.04.2025 | 12:22
31-мартта 65 жаштагы жаран Бишкектеги Башкы прокуратуранын имаратынын алдында өзүн өзү өрттөдү. Бул тууралуу шаардын Октябрь райондук милициясы кабарлады.
Маалыматта айтылгандай, 31-мартта “102” кызматына Башкы прокуратуранын маңдайында жайгашкан унаа токтотуучу жайда киши өзүн өрттөгөнү тууралуу маалымат келип түшкөн.
Теришитирүүнүн жүрүшүндө өзүнө өрт коюп жиберген адам 1960-жылы туулган жаран Ф.И. экендиги аныкталган. Бул окуяга анын алдамчылык фактысы боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартылышы себеп болгон. Тергөөнүн жыйынтыгы боюнча кылмыш иши аяктап, айыптоо актысын бекитүү жана райондук сотко кароого өткөрүү үчүн Москва райондук прокуратурасына жөнөтүлгөн.
Милиция учурда окуя боюнча тергөө уланып жатканын билдирди.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар