Кытайдын тышкы иштер министри Кыргызстанга келетКыргызстан АКШдан келген автоунааларды көбүрөөк алып жатат, бирок аларга азыраак каражат сарптоодоИшкердикке жеңилдик: уруксат документтери эки эсеге кыскартылатМосквада ШКУга мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын кеңеши чогулдуПатенттер үчүн салык системасы жөнөкөйлөштү: эмне өзгөрдүС 2026-жылдан тартып Кыргызстандагы соттор санариптик тартипте иштей баштайт
Сузак-Кара-Дарыя унаа жолун оңдоо улантылууда
02.04.2025 | 09:38
Жалал-Абад облусундагы Сузак-Кара-Дарыя унаа жолун оңдоо иштери уланууда. Азыркы тапта жолдун 3-4-чакырымдар аралыгында жумуштар жүрүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди.
Аталган унаа жолдун жалпы узундугу 19 чакырымды түзөт. Анын ичинен 5,4 чакырымын төрт тилкелүү кылып, эки тарабындагы тротуарды кошкондо туурасын 22 метрге чейин кеңейтүү пландалган.
Белгилей кетсек, аталган жолду оңдоо иштери былтыркы жылы башталган. Анда жолдун чакырымына асфаль төшөлгөн.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом