Садыр Жапаров Маданият жана искусство университетинин жаңы корпусун ачтыКыз ак калпакты өрттөп, тойлордо белек берүү салтынан баш тартууга чакырдыБишкекте СТО жайгашкан имараттагы өрттөн бир адам каза болдуСом түштүк корея вонуна карата бекемделип, британ фунтуна карата алсырадыПРООН киберкылмыштуулук менен күрөшүүчү адистерди даярдоого жардам беретЖети-Өгүз районунда жетим балага үй куруу үчүн жер тилкеси берилди
Айрым курулуш материалдарын импорттоого 6 айга тыюу салынды
02.04.2025 | 10:11
Кыргызстанга курулуш материалдарынын айрым түрлөрүн киргизүүгө убактылуу тыюу салынууда. Токтомго өкмөт башчы Адылбек Касымалиев 31-мартта кол койгон. Бул тууралуу “Эркин-Тоо” гезитине жарыяланды.
Токтомго ылайык, төмөнкү курулуш материалдарын импорттоого 6 айга тыюу салынат:
- ЕАЭБ ТЭИ ТН 2523 товардык позициясындагы боёлбогон же боёлгон, даяр же клинкер формасындагы портландцементти, алюминий кычкылдуу цементти, күл цементти жана ушул сыяктуу гидравликалык цементтерди (суперсульфаттуу цементти кошпогондо);
- ЕАЭБ ТЭИ ТН 6809 11 000 0 коду менен классификациялануучу гипстен орнаментсиз, кагаз же картон менен гана капталган же бекемделген плиталарды, такталарды, панелдерди, плиткаларды жана ушул сыяктуу буюмдарды.
Токтом расмий жарыяланган күндөн тарта 15 күндөн кийин күчүнө кирет.