11-класстын окуучулары үчүн уюштурулган кесиптик багыттагы IT-лагерге кабыл алуу башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги жарыялады.
IT-лагер 19-апрелден 19-майга чейин Бишкек жана Ош шаарларында өтөт. Лагерге катышуу толугу менен акысыз. Сабактар толугу менен оффлайн форматта өтөт.
Бишкек шаарында: ар бир ишемби жана жекшемби күндөрү саат 10:00дөн 15:00гө чейин (1 сааттык тыныгуу менен).
Ош шаарында: ар бир ишемби жана жекшемби күндөрү саат 10:00дөн 15:00гө чейин (1 сааттык тыныгуу менен).
Сабактарды АКШнын Кремний өрөөнүндөгү ири технологиялык компанияларда 17 жылдан ашуун иш тажрыйбасы бар алдыңкы IT-эксперттер өткөрөт: Эмиль Бильгазиев жана Мунара Толубаева – Uber, Google, Meta, Intel компанияларында иштеген, АКШдагы Хьюстон университетинен жасалма интеллект багыты боюнча илимдин доктору (PhD) даражасын алган адистер.
Лагерде бүтүрүүчүлөр төмөнкү маалыматтарды алышат:
- IT тармагынын кайсы тармактары бар жана алардын кайсынысы суроо-талапка ээ;
- Программалоо чыныгы долбоорлордо кантип колдонулат;
- Кандай технологиялар дүйнөнү өзгөртүп жатат жана кантип бул тармактын бир бөлүгү болууга болот.
Кимдер катыша алат?
Программалоо жана IT мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө көбүрөөк билүүнү каалаган Кыргызстандын мектептеринин 11-класстын бүтүрүүчүлөрү.
Кантип катталуу керек?
Төмөнкү шилтеме аркылуу каттоо формасын толтуруңуз: https://www.aitkg.com/it2025
Анкеталарды тапшыруунун акыркы мөөнөтү: 2025-жылдын 18-апрелине чейин.
Катышуучулардын саны чектелүү!