Ишкананын каражатын жеке эсебине которуп турган. «Кыргыз почтасынын» башкы эсепчиси кармалдыЭкспорттук рекорд: Өзбекстандын тышкы соодасынын көлөмү 35 жылда 18 эсеге өстүОшто туристтик сезон расмий түрдө ачылдыКазакстандын Энергетика министрлиги мунайды кайра иштетүү кубаттуулугун эки эсеге арттырууну жана Борбордук Азиядагы позициясын чыңдоону пландаштырууда«Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан» темир жолунун курулушу: бүгүнкү күндө кандай иштер жасалуудаЕАЭБ өлкөлөрү авиациялык мыйзамдарды шайкеш келтирүүгө киришишет
Кыргызстанда Улуу Ата Мекендик согуштун 32 ардагери калды
11.04.2025 | 17:04
Бүгүнкү күндө Кыргызстанда Улуу Ата Мекендик согуштун 32 ардагери калган. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.
Бул ардагерлер төмөнкү аймактарда жашашат:
- Жайыл районунда-3 ардагер,
- Бишкек шаарында – 6,
- Аламүдүн районунда-1,
- Ат-Башы районунда-1,
- Сузак районунда-1.
- Базар-Коргон районунда-1,
- Ноокен районунда-1.
Мындан тышкары, өлкөдө 7 концлагердин мурдагы жашы жетпеген туткундары жана 11 Ленинград блокадачылары жашайт.
Белгилей кетсек, быйыл 9-майда Жеңиштин 80 жылдыгы белгиленет. Жеңиш майрамына карата аскердик парад 8-майда өтөт.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом