Саламаттык сактоо министрлиги гемодиализ кызматтарын көрсөтүүдөгү мыйзам бузуулар боюнча ишке комментарий бердиБУУ: миллиондогон оогандар азык-түлүк жардамысыз калдыСадыр Жапаров Соода-деңизде сүзүү жөнүндө кодекске кол койдуБишкекте чет элдик жаран милицияга пара берип жаткан учурда кармалдыЖарым жылда айыл чарбасы менен ишкердикти колдоого 6,7 млрд сом жеңилдетилген насыя берилгенКыргызстанда 1-октябрдан тарта пенсия канчага көбөйөт — сандар
Күйүүчү майды маркалоодон 6 айда бюджетке 14,9 млрд сом түштү
11.04.2025 | 16:14
Күйүүчү майды милдеттүү маркалоо тутуму ишке киргенден баштап, 2024-жылдын 1-октябрынан 2025-жылдын 31-мартына чейин мунай-трейдерлерден мамлекеттик бюджетке 14,9 млрд сом салык түштү. Бул тууралуу Салык кызматы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, бул 2023-2024-жылдардын ушул мезгилине салыштырмалуу 3,8 млрд сомго же 34,2 %га көп. Ал эми акциз салыгы боюнча түшүүлөр 700 млн сомго көбөйгөн.
Салык кызматы биринчи жарым жылдыкта457 миң 184,8 тонна бензин, 396 миң 304,4 тонна дизель отуну, жалпысынан 853 миң 489,2 тонна күйүүчү май маркаланган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом