Бишкекте кичи футбол боюнча «Евразия Кубогунун» экинчи турнири өттүБишкекте ШКУ өлкөлөрү «Жашыл технологиялык коридорду» түзүүнү макулдашышты«Амели» тасмасынын жылдызы Одри Тоту Бишкектеги кинофестивалдын ардактуу коногу болотКыргызстан менен Түштүк Корея экспортту жана өнөр жай кызматташтыгын кеңейтүүнү макулдашты23-майга карата аба ырайыСалт эмес, трагедия: ала качууну кайтарууга кимдер аракет кылууда
Миграция министрлиги Орусияда жүргөн кыргызстандык мигранттарга эскертти
11.04.2025 | 17:22
Миграция министрлиги Орусияда жүргөн Кыргызстандын жарандарына аталган өлкөдө мыйзамдуу жүрүү үчүн айрым негизги талаптарды аткаруу керек экендигин эскертти.
Ага ылайык, Орусияда жүргөн кыргызстандыктар төмөнкү нерселерди өз убагында аткарууга милдеттүү:
- убактылуу жүргөн жери боюнча аймактык миграциялык органда миграциялык каттоого турууга;
- медициналык күбөлөндүрүүдөн, мамлекеттик дактилоскопиялык каттоодон жана сүрөткө түшүүдөн өтүү;
- эмгек келишимин же жарандык-укуктук келишимди түзүү (эмгек ишин жүзөгө ашыруу максатында келген жарандар үчүн);
- эмгек же жарандык-укуктук келишимдин (миграциялык картадан миграциялык органдардан белги алуу жолу менен) жана убактылуу жүргөн (жашаган) жери боюнча каттоонун негизинде убактылуу болуу мөөнөтүн узартууга.
Министрлик жогоруда көрсөтүлгөн талаптарда аткарбай Орусияда жүргөн жарандар “контролдонуучу адамдардын реестрине” киргизилерин, аларга карата бир катар чектөө чаралары колдонуларын билдирди.
“Министрлик аталган реестрге түшүп калбоо үчүн же андан чыгаруу үчүн Кыргызстандын жарандарын 2025-жылдын 30-апрелине чейин бардык документтерин тартипке келтирүүгө чакырат. Урматтуу Кыргызстандын жарандары, учурда Реестрде сиз жөнүндө маалымат жок экендигине көңүл бурабыз, Россиянын ИИМинин миграция маселелери боюнча аймактык бөлүмдөрүнө же Россиянын ИИМинин паспорттук-визалык борборуна, ошондой эле Москва шаарындагы Сахароводогу көп функционалдуу миграциялык борборго (Сахарово ММЦ) кайрылуу зарыл”,- деп айтылат маалыматта.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом