БШК Нурланбек Азыгалиевди депутаттык мандатынан ажыраттыЧүй проспектиси менен Абдрахманов көчөсүнүн кесилишиндеги жер үстүндөгү конструкция жакынкы арада бузулатСадыр Жапаров кыргызстандыктарды Аталар күнү менен куттуктадыЖК депутаты Нурланбек Азыгалиев мандатын тапшырууга арыз жаздыКыргызстанда англис тили мугалимдерин даярдоо реформасы британиялык эксперттердин колдоосуна ээ болдуЖакынкы Чыгыштан 142 жаран Кыргызстанга эвакуацияланды
Пластик калдыктарын кайра иштетүү тартиби бекиди
14.04.2025 | 17:48
Кыргызстанда пластик калдыктары менен иштөө тартиби боюнча токтом кабыл алынды. Токтомго өкмөт башчы Адылбек Касымалиев кол койду.
Токтомдо пластик калдыктарын чогултуу, сактоо жана кайра иштетүүдө мамлекеттик органдар, анын ичинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, юридикалык жана жеке жактар үчүн эрежелер каралган.
Токтомдун максаты – калдыктар менен иштөөдө калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдигин камсыз кылуу.
Бул Тартип радиоактивдүү жана медициналык пластик калдыктарына, туруктуу органикалык булгоочу заттарды камтыган пластик калдыктарына жайылтылбайт.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат