Баткен облусунда 250 МВт кубаттуулуктагы күн электр станциясы курулатБишкекте Алматыдагыдай бирдиктүү микромобилдүүлүк оператору иштей башташы мүмкүн. Бул эмнени билдиретКендирбаева: 200 мектеп мугалими Москвада стажировкадан өтүп жататКыргызстанда салык органдарына отчёт берүүгө милдеттүү болгон коммерциялык эмес уюмдардын тизмеси кеңейтилдиМыйзамсыз лотереяларды өткөргөн интернет-платформалар аныкталдыКыргызстан тамеки экспортун көбөйтүүдө
Бишкекте Курманжан Датка көчөсүнүн бир бөлүгү жабылат
16.04.2025 | 12:01
20-апрелден тарта Бишкек шаарынын Курманжан Датка көчөсүнүн Чүй проспектисинен У. Салиева көчөсүнө чейинки бөлүгү жылуулук тармагын реконструкциялоо жана жол оңдоо иштерине байланыштуу жабылат. Бул тууралуу шаар мэриясы кабарлады.
Мындан улам аталган көчө аркылуу жүргөн автобус каттамдарынын схемалары убактылуу өзгөртүлөт:
- №34 автобус каттамы төмөнкү маршрут боюнча жүрөт: Курманжан Датка көчөсү — Жибек-Жолу проспектиси — Ибраимов көчөсү — Чүй проспектиси;
- №35, №45 жана №254 автобус каттамдары: Жибек-Жолу проспектиси — Лермонтов көчөсү — Чүй проспектиси боюнча жүрөт;
- 169 автобус каттамы Фрунзе — Гоголь — Чүй проспектилери боюнча багытталат;
- №51 автобус каттамы Курманжан Датка — Салиева — Гоголь — Чүй көчөлөрү боюнча жүрөт;
- №8Т, №48, №100 жана №101 автобус каттамдары Курманжан Датка — У. Салиева — Суюмбаев — Чүй көчөлөрү боюнча жүрөт;
- №104 жана №146 автобус каттамдары Фрунзе — Суюмбаев — Чүй проспектилери боюнча багытталат;
- №175 автобус каттамы Жибек-Жолу проспектиси — Суюмбаев көчөсү — Чүй проспектиси боюнча жүрөт.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом