Шайлоо алдындагы үгүт эрежелерин бузган жарандар айыпка жыгылдыКыргызстанда үч медиадолбоор экстремисттик деп табылды. Арасында «Temirov Live» жана «Kloop.kg» барКыргызстандык балбан Билол Шарип уулу жаштар арасындагы дүйнө чемпионатында коло медаль тагындыКыргызча GTA. Кеминде кайгуул кызматкерлери мас айдоочунун артынан кубалаштыКыргызстан 2026-жылы 15 миң электромобилди бажы алымынан бошотууну сунуштадыӨкмөт тубаса оорулардын алдын алуу үчүн “Үмүт” программасын ишке киргизет
Калкты тейлөө борборлору 1-майдан 11-майга чейин иштебейт
16.04.2025 | 13:24
Алдыдагы Май майрамдарына байланыштуу 1-майдан 11-майга чейин Кыргызстандагы бардык калкты тейлөө борборлору (КТБ) иштебейт.
«Кызмат» мамлекеттик мекемесинин маалыматына ылайык, тейлөө 12-майдан тарта стандарттуу график боюнча жанданат.
Түндүк порталы аркылуу онлайн кезек брондоо системасы, ошондой эле бир катар электрондук кызматтар бар экенин эскертилди.
Анын ичинде:
• фамилиясын,атын, атасынын атын өзгөртүү;
• паспорт
алмаштыруу;
• жарандык абалдын актыларын жазуу органдарынан күбөлүктөрдүн дубликатын алуу;
• ар кандай күбөлүктөрдү жана башка документтерди алуу.
Алыскы кызматтардын мүмкүнчүлүктөрүн колдонуңуз — бул ыңгайлуу жана убактыңызды үнөмдөйт.
Байланыш кызматы: 119.
Рубрики: Жаңылыктар