Кыргызстанда кыймылсыз мүлктү каттоону кечиктиргендиги үчүн туум киргизүү сунушталуудаОш шаарындагы эски базардын ордуна эс алуу жайы жана туристтик шаарча курулатЫсык-Көл облусунда миң гектардан ашык кунарсыз жайытка үрөн себиле баштадыЭки оркестр, эки өлкө: Бишкекте кыргыз-швейцар марш-парады өттүКыргызстанда өзгөчө айкалыштагы унаа номерлеринин сертификатын кайра каттоо онлайн форматка өттүКыргызстанга америкалык «Boeing» учактарын жеткирүү мүмкүнчүлүгү каралууда
Май майрамдарында Ала-Арча жаратылыш паркына экспресс каттамдар уюштурулат
16.04.2025 | 13:10
Май майрамдарына карата 1-майдан 11-майга Ала-Арча жаратылыш паркына чейин газ менен жүргөн 12 метрлик заманбап ISUZU автобустары экспресс автобус каттамына чыгарылат. Бул тууралуу муниципалитет маалымдады.
Жол кире накталай төлөөдө – 50 сом, накталай эмес төлөөдө – 40 сом болот. Автобустар саат 08:00дөн 19:00гө чейин каттайт, зарыл болгон учурда иш тартиби кайрадан каралып чыгат.
Белгиленгендей, каттамдын акыркы аялдамалары Т.Усубалиев атындагы аянтта жана Ала-Арча жаратылыш паркында жайгашат.
Мындан тышкары, Ала-Арча жаратылыш паркынын ичинде акысыз негизде эки жаңы электробус каттайт.
Рубрики: Жаңылыктар