Эки оркестр, эки өлкө: Бишкекте кыргыз-швейцар марш-парады өттүКыргызстанда өзгөчө айкалыштагы унаа номерлеринин сертификатын кайра каттоо онлайн форматка өттүКыргызстанга америкалык «Boeing» учактарын жеткирүү мүмкүнчүлүгү каралуудаАКШ Борбор Азияга ким менен кызматташуу керектигин таңуулабайт — РубиоБоом капчыгайында таш түшүрүлүп, жол маал-маалы менен жарым-жартылай жабылат«Аферист жана кайырчы»: Жапаров Аблязовдун айыптоолоруна кескин жооп кайтарды
Калкты тейлөө борборлору 1-майдан 11-майга чейин иштебейт
16.04.2025 | 13:24
Алдыдагы Май майрамдарына байланыштуу 1-майдан 11-майга чейин Кыргызстандагы бардык калкты тейлөө борборлору (КТБ) иштебейт.
«Кызмат» мамлекеттик мекемесинин маалыматына ылайык, тейлөө 12-майдан тарта стандарттуу график боюнча жанданат.
Түндүк порталы аркылуу онлайн кезек брондоо системасы, ошондой эле бир катар электрондук кызматтар бар экенин эскертилди.
Анын ичинде:
• фамилиясын,атын, атасынын атын өзгөртүү;
• паспорт
алмаштыруу;
• жарандык абалдын актыларын жазуу органдарынан күбөлүктөрдүн дубликатын алуу;
• ар кандай күбөлүктөрдү жана башка документтерди алуу.
Алыскы кызматтардын мүмкүнчүлүктөрүн колдонуңуз — бул ыңгайлуу жана убактыңызды үнөмдөйт.
Байланыш кызматы: 119.
Рубрики: Жаңылыктар