Гуманитардык сабактардын мугалимдери айлыгы төмөн экенине нааразыНоокенде бала бакчада 80 литрлик бойлер жарылып, имарат катуу жабыркадыБалыкчы — Кочкор темир жол тилкеси 2026-жылдын августунда ишке киргизилет – «Кыргыз темир жолу» УК»Ысык-Ата районундагы «Туз» суу сактагычынын сыйымдуулугу эки эсеге көбөйөтЧет өлкөлүк жарандар балдарын мектепке 1-класска кантип каттай алышатЧүйдө «Асыл Тери» терини кайра иштетүүчү заводунун курулушу башталды
Салык кызматы мөөнөтү өтүп кеткен суусундуктар сакталган кампаны аныктады
17.04.2025 | 09:56
Ош облусунун Кара-Суу районунун Жоош айылында 28 миңден ашык мөөнөтү өтүп кеткен маркасы жок суусундуктар сакталган кампа аныкталды. Бул тууралуу Салык кызматы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, кампадан 28 миң 8 даана 0,5 литр көлөмүндөгү акциздик маркасы жок продукциялар жана мөөнөтү өтүп кеткен алкоголсуз сергитүүчү (энергетик) суусундуктар табылган. Алардын жалпы суммасы 1 млн 340 миң 826 сомду түзгөн.
Аталган факты боюнча жеринде акты түзүлүп, юридикалык баа берүү үчүн укук коргоо органдарына жөнөтүлгөн.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика