КРда КЖЭБ өндүрүүчүлөрүнөн электр энергиясын сатып алууга кепилдик берилген — Энергетика министрлигиКМШда Креативдүү индустриялар ассоциациясын түзүүгө киришиштиКара-Сууда жерди мыйзамсыз менчиктештирүү жана сатуу фактысы аныкталып, 6 мамлекеттик кызматкер кармалдыБишкекте КМШ өлкөлөрүнүн кыска метраждуу тасмаларынын эл аралык фестивалы өтөтКыргызстан менен Кытай ШКУнун Өнүктүрүү банкын ишке киргизүү жана гидроэнергетикага инвестиция тартуу боюнча кадамдарды белгилештиБала бакчага электрондук каттоо системасы убактылуу иштебейт
Таласта иш жүзүндө окубаган студенттерге дипломдор берилген
22.04.2025 | 12:14
Талас облусунун Айтматов районундагы №13 Ч.Түлөбердиев атындагы кесиптик лицейинде иш жүзүндө окубаган 14 студентке экзамендик баалар коюлуп, дипломдор мыйзамсыз берилген. Бул тууралуу Башкы прокуратура маалымдады.
Маалыматта айтылгандай, прокуратура тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө аталган студенттер Кыргызстандын аймагында болбогондугу аныкталган.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иши козголгон. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар