Бишкектин бир бөлүгүндө 24-апрелде суу өчүрүлөт (карта)

23.04.2025 | 10:29

24-апрелде саат 09:00 – 00:00 чейин Бишкек шаарынын бир бөлүгүндө суу түтүгүн оңдоо иштерине байланыштуу ичүүчү сууну берүү токтотулат. Бул тууралуу “Бишкексууканал” ишканасы билдирди.

Өчүрүү району төмөнкү көчөлөр менен чектешет:

  • Ч. Айтматов проспектиси – Л. Толстой көчөсү (РКИБ инфекциялык ооруканасынын күн батыш тарабы) – Кулатов – Игембердиев, Кулатов көчөлөрүнүң түштүк тарабы – Панфилов – М. Горький – Минин – Пожарский – М.Горький көчөлөрү  – Ч. Айтматов проспектиси;
  • Манас проспектиси – Ж.Бөкөнбаев –  Н.Исанов көчөлөрү – темир жол тилкеси;
  • Ч. Айтматов проспектиси – Балагулов – Юдахин – Алтымышева – Матыева – Л.Толстой көчөлөрү.

«Бишкексууканал» жаратылган ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, тургундарга ичүүчү сууну эртелеп камдап алышын эскертти.

Scroll to Top