Бул жакка эч кимди киргизишчү эмес! «Бишкек-Аренадагы» VIP-ложанын алгачкы кадрларыКыргызстан менен БУУ коопсуздук, тынчтык орнотуу багытындагы кызматташтыкты тереңдететСадыр Жапаров Түштүк Кореяга расмий сапар менен баратЖаратылыш ресурстары министрлиги калдыктарды кайра иштетүүчүлөрдүн реестрин түзүп, лицензиялоо иштерин жүргүзүүдөБул күндү бүткүл дүйнөнүн жаштары күткөн!Бишкектин Кронштадт көчөсү унаа кыймылы үчүн ачылды
Бишкектин бир бөлүгүндө 24-апрелде суу өчүрүлөт (карта)
23.04.2025 | 10:29
24-апрелде саат 09:00 – 00:00 чейин Бишкек шаарынын бир бөлүгүндө суу түтүгүн оңдоо иштерине байланыштуу ичүүчү сууну берүү токтотулат. Бул тууралуу “Бишкексууканал” ишканасы билдирди.
Өчүрүү району төмөнкү көчөлөр менен чектешет:
- Ч. Айтматов проспектиси – Л. Толстой көчөсү (РКИБ инфекциялык ооруканасынын күн батыш тарабы) – Кулатов – Игембердиев, Кулатов көчөлөрүнүң түштүк тарабы – Панфилов – М. Горький – Минин – Пожарский – М.Горький көчөлөрү – Ч. Айтматов проспектиси;
- Манас проспектиси – Ж.Бөкөнбаев – Н.Исанов көчөлөрү – темир жол тилкеси;
- Ч. Айтматов проспектиси – Балагулов – Юдахин – Алтымышева – Матыева – Л.Толстой көчөлөрү.
«Бишкексууканал» жаратылган ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, тургундарга ичүүчү сууну эртелеп камдап алышын эскертти.

Рубрики: Жаңылыктар, Коом