Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгында коррупциялык схема аныкталды

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгында коррупциялык схема аныкталды

УКМК Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгында коррупциялык схеманын бети ачылып, ага бөгөт коюлганын билдирди.

Маалыматта айтылгандай, аталган башкармалыктын жол көзөмөлү бөлүмүнүн инспекторлору автоунааларга жарнамалык чаптамаларды чаптоого уруксат берген документтерди берүүдө коррупциялык схемаларды уюштурушкан.

«Автоунаалардын ээлери уруксат берүүчү документтерди алуу үчүн кайрылган учурда, арыз туура түзүлүп жана толук маалыматтар берилген учурда уруксат берилүүчү документтер акысыз негизде берилиши керек. Бирок жооптуу адамдар жасалма жол менен ар кандай тоскоолдуктарды жаратып, уруксат берүү мөөнөтүн создуктуруп, өз аракеттери менен жарандарды акчалай сыйлык берүүгө мажбурлашкан»,- деп айтылат маалыматта.

Ыкчам тергөөнүн жүрүшүндө ЖКККББдагы бул коррупциялык схеманын уюштуруучусу «М.А.З.» кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда бул кылмышка тиешелүү башка адамдарды аныктоо иштери жүрүп жатканы айтылды.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>