Бишкекте Ак илбирс күнүнө карата интерактивдүү AR-квест өтөтФранция жалында: социалдык нааразылыктар кантип массалык башаламандыкка айландыАдылбек Касымалиев социалдык коргоо жана кесиптик бирликтер кызматкерлерин куттуктадыМамлекеттик туунун авторлорунун бири Эдил Айдарбеков дүйнө салдыБишкек ШИИБи Сыймык Жапыкеевдин кармалышы боюнча суроого жооп берди: батирдеги ызы-чууКыргызстанда инвесторлор үчүн жол-жоболорду жөнөкөйлөтүү сунушталууда
Жалал-Абад шаарында бильярд боюнча дүйнөлүк чемпионат өтүүдө
23.04.2025 | 17:05
Жалал-Абад шаарында бильярд боюнча дүйнөлүк чемпионат өтүп жатат. Анын ачылышына парламенттин төрагасынын орун басары Нурланбек Азыгалиев катышты. Бул тууралуу ЖКнын маалымат кызматы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, чемпионат ЖК депутаты Шаирбек Ташиев тарабынан демилгеленген. Ага 20дан ашуун өлкөдөн 80ден ашуун спортчу келген. Ошондой эле жергиликтүү спортчулар да катышууда.
Чемпионаттын ачылышында Нурланбек Азыгалиев сөз сүйлөп, акыркы убактарда бильярд оюнуна кызыккан кыргызстандыктардын саны көбөйүп баратканын билдирген.
“Ар бир жасалган сокку — чоң даярдыктын, тажрыйбанын жана таланттын натыйжасы. Андыктан оюндар жаркын эмоциялар менен коштолуп, катышуучулардын күчтүүсү жеңсин”, – деген ал.
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт