Ичүүчү суунун тарифтерин тейлөө чыгымдарына ылайык жөнгө салуу сунушталдыБазар-Коргон районунда баасы 850 млн сомдон ашкан эки каналдын курулушу башталдыМөөнөтү өтүп кеткен 10 тонна кондитердик азыктар аныкталып, өрттөлдү8-мартта тынчтык акциясын өткөрүүгө уруксат сурап, президентке кайрылуу жасалдыОш шаарында үч эм төрөлгөн үй-бүлөгө белек берилдиЖакында эле эркиндикке чыккан Даниэль Ажиев кайрадан кармалды
Стамбул аэропортунда окуучуларды олимпиадага алып барган кыргызстандык кармалган. ТИМ маалымат берди
24.04.2025 | 10:27
Тышкы иштер министрлиги математика боюнча эл аралык олимпиаданын 2-туруна катышуу үчүн окуучуларды коштоп жүргөн кыргызстандык Н.А. Түркиянын Стамбул аэропортунда кармалды делген маалымат боюнча билдирүү таратты.
ТИМ бул маселе министрликтин көзөмөлүндө экенин жана кармалган жарандын туугандары менен үзгүлтүксүз байланышып жатышканын билдирди.
“Кыргызстандын Стамбул шаарындагы Башкы консулдугу Түркиянын компетенттүү органдары менен аталган жаранга жардам көрсөтүү боюнча иш алып барууда. Кармоонун жагдайларын жана себептерин тактоо боюнча зарыл иштер жүргүзүлүүдө”,- деп айтылат маалыматта.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар