23-апрелден 1-сентябрына чейин Балыкчы — Кочкор унаа жолунун 39+90-чакырымынан 42+90-чакырымына чейинки аралыгы (Кубакы ашуусунун бурулушуна чейинки бөлүгү) мезгил-мезгили менен жабылат. Бул тууралуу «Кыргыз темир жол» ишканасы кабарлады.
Маалыматта айтылгандай, жол Балыкчы — Кочкор темир жолунда бургулоо-жардыруу иштеринин жүргүзүлүшүнө байланыштуу жабылат.
Буга чейин бул тилке күндүзү гана жабылып келсе, эми төмөнкү күндөрү күнү-түнү жабык болот:
- Дүйшөмбү күнү саат 00:30дан баштап шейшемби күнү саат 00:30га чейин (жалпы 24 саат);
- Шаршемби күнү саат 00:30дан баштап бейшемби күнү саат 00:30га чейин (жалпы 24 саат);
- Жума күнү саат 00:30дан баштап ишемби күнү саат 00:30га чейин (жалпы 24 саат).