Президент келечекте «Студенттик насыя» механизми ишке киргизилерин билдирдиСадыр Жапаров: үй-бүлө мамлекеттик саясаттын көңүл чордонунда болот«Балдарды камактагылардай колдонуп жатышат»: Бекешев мектептердеги эмгек иштери тууралууСадыр Жапаров: чыныгы инвестордун артынан чиновниктер өздөрү чуркашы керекМанас Кыргызстандагы экинчи экономикалык борбор макамын алатКыргызстанда 2027-жылдын январынан тарта бир катар социалдык төлөмдөрдүн өлчөмү көбөйөт
Кыргызстанда БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун өкүлчүлүгү түзүлөт
25.04.2025 | 09:32
24-апрелде айыл чарба министри министри Бакыт Төрөбаев Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун башкы директору Цюй Дуньюй менен жолукту. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Жолугушууда министрлер кабинети менен БУУнун ортосунда Кыргызстанда Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун өкүлчүлүгүн түзүү жөнүндөгү макулдашууга кол коюлган.
Аталган уюм өлкөдө жалпы суммасы 35 млн долларды түзгөн 13 улуттук долбоорду ишке ашырууда. Кыргызстан бул уюм менен 1993-жылдан бери кызматташып келет.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат