Кыргызстанда БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун өкүлчүлүгү түзүлөт

25.04.2025 | 09:32

24-апрелде айыл чарба министри министри Бакыт Төрөбаев Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун башкы директору Цюй Дуньюй менен жолукту. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.

Жолугушууда министрлер кабинети менен БУУнун ортосунда Кыргызстанда Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун өкүлчүлүгүн түзүү жөнүндөгү макулдашууга кол коюлган.

Аталган уюм өлкөдө жалпы суммасы 35 млн долларды түзгөн 13 улуттук долбоорду ишке ашырууда. Кыргызстан бул уюм менен 1993-жылдан бери кызматташып келет.

Scroll to Top