Өкмөт башчы Адылбек Касымалиев Азербайжанга иш сапары менен баратКыргызстанда соттук экспертиза тутуму реформаланатБишкекте ордо боюнча биринчи жолу клубдар аралык чемпионат өтүүдөБишкектин бир бөлүгүндө газ үч күнгө өчүрүлөтАла-Бука, Базар-Коргон жана Москва райондорунун акимдери алмашты. Президент жарлыктарга кол койду«MedExpo Kyrgyzstan 2026»: Бишкекте 10дой өлкөнүн компаниялары катышкан медициналык көргөзмө ачылды
Бишкекте 17 жаштагы скутердин айдоочусу жол кырсыгында каза болду
25.04.2025 | 10:59
Бишкекте суу ташуучу унаа менен скутер кагышып, 17 жаштагы скутердин айдоочусу каза болду
Кырсык Түштүк магистрал менен Бажа жолунун кесилишинде болгон.
Патрулдук милициянын айтымында, мопедде 17 жаштагы эки бала бараткан. Алардын алдындагы Mercedes автоунаасы тормозду тепкенде, скутердин айдоочусу токтогонго жетишпей калып, машинанын артына урулуп, мопеддеги өспүрүмдөрдүн экөө тең кулаган. Ошол маалда артта келе жаткан суу ташуучу унаа балдардын бирин тебелеп кеткен.
Рубрики: Жаңылыктар