Токмоктун мурдагы мэри Максат Нусувалиев абактан чыгарылып, иши кайра кароого жөнөтүлдүАдылбек Касымалиев Бишкектеги Соттук-медициналык экспертиза борбору үчүн жаңы имарат курууну тапшырдыАла-Бел ашуусуна кар көчкү түшүп, Бишкек-Ош жолу убактылуу жабылдыДастан Бекешев мопеддерге коюлган жаңы талаптардан улам курьерлердин массалык жумушсуз калуу коркунучун эскерттиЧек ара кызматында жаңы орун басарлар дайындалдыКөпчүлүк аймактарга кар жаайт: 11-мартка карата аба ырайы
Ала-Буканын акиминин мурдагы орун басары кармалды
25.04.2025 | 16:17
Учурда Талас облусунун райондорунун биринде аким болуп иштеп жаткан Ала-Бука районунун акиминин мурдагы орун басары коррупцияга шектелип кармалды. Бул тууралуу ИИМ билдирди.
Маалыматта айтылгандай, 2018-жылы аталган райондун акиминин биринчи орун басары С.Б. мамлекеттик дарыкананын карамагында турган 70 сотых жер тилкесин өндүрүштүк катары өзгөртүп, турак үй курууга мүмкүндүк берген буйрук чыгарган.
Аталган жер жеке адамдарга берилип кетип, натыйжада мамлекетке 44 млн 274 миң 50 сом өлчөмүндө зыян келтирилген.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (коррупция) менен кылмыш иши козголгон.
Жогоруда аталган аким кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Кылмыш иши боюнча тергөө иштери улантылууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар