Кыргызстандын президентинин демилгеси жана колдоосу менен «Ала-Арча» мамлекеттик жаратылыш паркы экологиялык тазалыкка басым жасоо менен туризм инфраструктурасын активдүү өнүктүрүүдө.
Президенттин Аппаратынын иш башкаруу бөлүмүнүн башчысы Каныбек Туманбаевдин айтымында, учурда парктын жогорку зонасында амфитеатр курулуп жатат, ал жакынкы убакта ишке берилет. Ошондой эле, жаңы башкаруу жана өткөрүү пункту (КПП) курулуп бүтүп калды, тартипти жана экотуризмди камсыздайт.
“Бүгүнкү күндө экологиялык мейманканалар, бассейн жана жеңил конструкциялардагы эс алуу жайлары активдүү курулууда. Мындан тышкары, асма жол да пайда болот — бул тоолордун кооздугун көрүү үчүн өзгөчө мүмкүнчүлүк болот”, — деди ал.
Май айынан баштап паркка жеке унаа менен кирүүгө чектөө киргизилет; коноктор үчүн электромобилдер кызмат көрсөтөт.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз