The Guardian Кыргызстанды 2025-жылдын эң мыкты туристтик багыты деп тааныды

29.04.2025 | 13:24

Британдык The Guardian басылмасы Кыргызстанды 2025-жылы этикалык туризм үчүн эң мыкты өлкөлөрдүн бири деп тааныды. Макалада өлкө аң-сезимдүү саякатчылар үчүн кооз жаратылышы, бай маданияты жана меймандостугу менен өзгөчөлөнөрү баса белгиленген.

Туризм департаменти бул таануу — Кыргызстандагы туруктуу туризмди өнүктүрүү аракеттеринин жемиши экенин белгилеп, 2025–2030-жылдарга карата туризмди өнүктүрүү программасынын маанилүүлүгүн тастыктайт.

Этикалык жана жоопкерчиликтүү туризмди колдоо өлкөнү дүйнөлүк саякатчылар үчүн жагымдуу багыт катары сактап калууга көмөк көрсөтөт.

Рубрики: Жаңылыктар
Scroll to Top