Камчыбек Ташиев үч эмдин энесине жаңы батир бердиКой-Таштагы Атамбаевдердин үйүнө адамдар келгени айтылуудаПрезидент Садыр Жапаров Алымбек датканын 225 жылдык мааракесине катыштыЖККУнун жаңы миссиясы: Борбор Азияда табигый кырсыктарды башкаруу борбору пайда болот«Түндүктүн» кызматтарын колдонуу үчүн электрондук кол тамганы кантип алуу керек?Токмокто аял өзүнүн 2 баласын бычактап өлтүрдү. Окуянын чоо-жайы
Ноокатта маданият үйү менен стадион мамлекетке кайтарылды
02.05.2025 | 11:30
Ош облусунун прокуратурасы Ноокат районундагы маданият үйү менен стадион жеке менчикке мыйзамсыз берилип кеткендигин аныктаган. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.
Көрүлгөн чаралардын жыйынтыгында, аталган райондун Жаңы-Ноокат айылында жайгашкан маданият үйү 99 сотых жер тилкеси менен, ошондой эле Фрунзе айылында жайгашкан стадион 1 гектар 75 сотых жери менен мамлекетке кайтарылган.
Жогорудагы мүлктөрдүн жалпы баасы 156 млн 965 миң 700 сомду түзөрү айтылды.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар