Бишкектин көчөсүндө кызды курал менен коркуткан шектүү кармалдыБишкектеги Г. Айтиев атындагы музейде арт-терапия өтөтКыргызстанда учактарды тейлөөгө карата талаптарды күчөтүү пландалуудаКурулушту кечиктирген ишканаларга жаңы объектилерди курууга уруксат берилбейтБишкекте кыймылсыз мүлк сатып алуучулар үчүн OSK Forum 2026 форуму өтөтКыргызстандын Суу-мотор спорту федерациясы эл аралык UIM уюмуна мүчө болду
Түрмөгө телефон алып кирүүгө аракет кылган жаран кармалды
02.05.2025 | 10:51
1-майда Жаңы-Пахта айыл өкмөтүнө караштуу Зеленый поселогунда жайгашка Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын №19-мекемесинде соттолгон жаранга мобилдик телефон берүү аракетине бөгөт коюлду. Бул тууралуу ИИМ билдирди.
Маалыматка ылайык, соттолгон Ч.М.С. аттуу жаранга узак мөөнөткө жолугушууга келген С.С. аттуу аял киши Redmi маркасындагы мобилдик телефонду SIM -карта менен берүүгө аракет кылган. Телефон жолугушууга алып келген жеке буюмдарды жана азык-түлүктөрдү кароо учурунда мекеменин кызматкерлери тарабынан табылган.
Аталган факты боюнча протокол түзүлүп, С.С.га 17 миң 500 сом өлчөмүндө айып пул салынган.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар