Кыргызстанда айына 1000 тонна продукция чыгаруучу заманбап сүт заводу курулатСокулук районунда 6 млн долларга соода-логистикалык борбор курулатФеликс Кулов Казакстандын жаңы Конституциясына баа берди: алдыга карай чоң кадам жана «кош бийлик» тобокелдиктериПрезидент бюджеттик чөйрөнүн кызматкерлеринин айлыгын жогорулатуу боюнча жарлыкка кол койдуКыргызстандагы КММ баалары: учурдагы абал жана өкмөттүн бааны ооздуктоо боюнча чаралары«Жалындуу чабуул» жана «Матросовдун эрдиги»: Бишкектин картасындагы эрдиктин символдору
Бишкекте оюн-зоок поезди 20 жаштагы жаранды сүзүп кетти
02.05.2025 | 13:08
Кечээ, 1-майда Бишкектин Раззаков жана Пушкин көчөлөрүнүн кесилишинде оюн-зоок поезди 20 жаштагы жаранды сүзүп кетти. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясы кабарлады
Окуя болжол менен саат 20:30 чамасында болгон. Анда 49 жаштагы О.М. аттуу жаран “Golf-car” балдардын оюн-зоок поездин айдап бара жатып, электросамокат башкарып бара жаткан 20 жаштагы Ж.Б. менен сүзүшкөн.
Натыйжада, электросамокаттын айдоочусу жаракат алып, тез жардам менен ооруканага жеткирилген.
Аталган окуя каттоого алынып, бардык экспертизалар дайындалган.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар