Алдамчылыкка айыпталган жаран Грузияда кармалып, Кыргызстанга экстрадицияландыУлуттук банк 2026-жылдагы пайдасын толугу менен мамлекеттик бюджетке которотЕӨБ Кыргызстанда агроазык-түлүк паркын түзүүгө 370 миңден ашык доллар бөлөтМанас шаарында металл конструкцияларын чыгаруучу завод ачылдыКыргызстанда контрабанда үчүн кылмыш жоопкерчилигинин босогосун жогорулатуу сунушталуудаОнкология борборуна жасалма интеллект менен иштеген төрт УЗИ аппараты орнотулду
Бишкекте оюн-зоок поезди 20 жаштагы жаранды сүзүп кетти
02.05.2025 | 13:08
Кечээ, 1-майда Бишкектин Раззаков жана Пушкин көчөлөрүнүн кесилишинде оюн-зоок поезди 20 жаштагы жаранды сүзүп кетти. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясы кабарлады
Окуя болжол менен саат 20:30 чамасында болгон. Анда 49 жаштагы О.М. аттуу жаран “Golf-car” балдардын оюн-зоок поездин айдап бара жатып, электросамокат башкарып бара жаткан 20 жаштагы Ж.Б. менен сүзүшкөн.
Натыйжада, электросамокаттын айдоочусу жаракат алып, тез жардам менен ооруканага жеткирилген.
Аталган окуя каттоого алынып, бардык экспертизалар дайындалган.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар