Токмокто технохаб курулат: Санариптик өнүктүрүү министрлиги менен Central Asia Capital меморандумга кол койду«Телеграм» аркылуу ИГИЛ уюмуна тартылган кыргызстандык жаран кармалдыКыргызстанда 73 жаштагы бейтаптын жүрөгүнө уникалдуу операция жасалдыБишкекте Опера жана балет театрында өткөн пилатес сабагы коомдо нааразычылык жараттыЧүй облусунун 100дөн ашык окуучусу «Евразия» паркына бардыБашка бирөөнүн жерин саткан. Чүй милициясы алдамчылыкка шектүүнү кармады
Ат-Башыда Талаа күнү өткөрүлдү
04.05.2025 | 14:01
Айыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизалоо жана багбанчылык департаменти “АгроЛид” компаниясы менен биргеликте Ат-Башы районунда дыйкандар үчүн Талаа күнүн өткөрдү. Бул тууралуу Айыл чарба жана мелиорация министрлигинен билдиришти.
Иш-чара картошка өстүрүү жаатындагы заманбап жетишкендиктер тууралуу дыйкандардын маалымдуулугун жогорулатуу максатында өткөрүлдү.
Иш-чаранын алкагында адистер картошканын заманбап, жогорку түшүмдүү жана ооруга туруктуу сортторун көрсөтүштү. Көбөйтүү, жайылтуу жана дыйкандарды жогорку сапаттагы, сертификатталган картошка үрөнү менен камсыз кылуу максатында Супер-супер элита жана супер элита өстүрүлөт.
Талаа күнү фермерлер менен адистердин ортосунда тажрыйба алмашуу үчүн мыкты аянтча болуп калды, бул райондун айыл чарбасына инновациялык ыкмаларды киргизүүгө шарт түзөт.
[image_carousel source=”media: 221723,221724,221725,221726,221727″ limit=”20″ slides_style=”photo” controls_style=”dark” crop=”none” columns=”1″ adaptive=”yes” spacing=”yes” align=”none” max_width=”none” captions=”no” arrows=”yes” dots=”yes” link=”none” target=”blank” autoplay=”4″ speed=”medium” image_size=”large” outline=”yes” random=”no”]
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар