АКШ бийлиги өз ыктыяры менен депортацияланган мыйзамсыз мигранттарга миң доллардан төлөнөрүн билдирди

АКШ бийлиги өз ыктыяры менен депортацияланган мыйзамсыз мигранттарга миң доллардан төлөнөрүн билдирди

5-майда АКШнын Ички коопсуздук министрлиги (DHS) өлкөдө мыйзамсыз жүргөн мигранттарга өз мекенине кайтып барууга каржылык жардам алууга мүмкүнчүлүк түзүлгөнүн жарыялады.

Маалыматта айтылгандай, бул жардам CBP Home мобилдик тиркемеси аркылуу ишке ашат. АКШда мыйзамсыз жүргөн ар бир чет элдик жаран CBP Home тиркемесин колдонуу аркылуу өз ыктыяры менен депортация болсо, мекенине кайтып барганы тастыкталгандан кийин 1000 доллар өлчөмүндө стипендия алат.

«Өз ыктыяры менен депортация болуу АКШдан чыгып кетүүнүн эң жакшы жана коопсуз жолу болуп эсептелет жана бул ыкма мыйзамсыз мигранттарга АКШнын Иммиграция жана бажы полициясына (ICE) кармалып калуудан сактайт»,- деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле CBP Home аркылуу өз ыктыяры менен депортация программасына катышуу мыйзамсыз жүргөн чет элдик жаранга келечекте АКШга мыйзамдуу жол менен кайра кирүү мүмкүнчүлүгүн сактап калууга жардам берери айтылды.

АКШнын Ички коопсуздук министрлиги CBP Home тиркемесин колдонуу депортациянын чыгымдарын болжол менен 70 пайызга кыскартарын билдирди. Себеби учурда бир мыйзамсыз мигрантты кармоо, камоо жана депортациялоо орточо эсеп менен 17 миң 121 долларды түзүп жатат.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>