Борбор Азия өлкөлөрү Европага Россияны айланып өткөн үч жаңы транспорт коридорун иштеп чыгууда

Борбор Азия өлкөлөрү Европага Россияны айланып өткөн  үч жаңы транспорт коридорун иштеп чыгууда

Россияга каршы санкциялар жана геосаясий чыңалуу Борбор Азия өлкөлөрүн Европа менен альтернативдүү соода жолдорун издөөгө жана өнүктүрүүгө түрткү болууда. Учурда аймакта Кытайдан Батыш өлкөлөрүнө үч негизги транспорттук каттам иштелип жатат. Бул тууралуу эл аралык иштер боюнча эксперт Байкадам Курамаев Reporter.kgге берген маегинде билдирди.

Эксперттин айтымында, Украина менен Россиянын ортосундагы жаңжалдын жана Батыш менен Россия Федерациясынын тирешинин фонунда Россиянын аймагын айланып өтүүчү жаңы логистикалык коридорлор боюнча иштер жанданды.

Алардын биринчиси – “Орто коридор” деген аталыш менен белгилүү болгон Транскаспий эл аралык транспорттук маршруту ((ТМТМ). Ал Кытайдан Казакстан, Каспий деңизи (паром же порт аркылуу), Азербайжан, Грузия, Түркия жана андан ары Европага темир жол байланыштарын камтыйт. 

Иштелип жаткан экинчи коридор Кытай – Казакстан – Өзбекстан – Түркмөнстан – Иран – Түркия жана андан ары Европага багыт алат. 

Үчүнчү маанилүү долбоор — Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу, ал кийинчерээк Түркмөнстан жана Каспий деңизи аркылуу Түркияга жана Европага чыгууну камсыздайт. 

«Бул каттамдар бир жагынан Батыш менен Чыгыштын ортосундагы сооданы өнүктүрсө, экинчи жагынан бул коридорлордогу транзиттик өлкөлөр өз товарларын Европага да, Кытайга да жеткирүүдөн пайда алып келет», — деп белгиледи Байкадам Курамаев. 

Ал ошондой эле АКШ киргизген соода согуштарынын жана тарифтердин фонунда бул логистикалык каттамдар приоритеттүү болуп жатканын жана тез темп менен өнүгө турганын баса белгиледи.

Рубрики: МАКАЛАЛАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>