Кечээ, 19-майда Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев бир катар чет мамлекеттердин Бириккен Улуттар Уюмундагы (БУУ) туруктуу өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу ТИМ билдирди.
Мали, Кирибати, Вануату, Тонга, Тувалу, Палау, Буркина-Фасо, Соломон аралдары жана Сан-Томе жана Принсипи мамлекеттеринин БУУдагы туруктуу өкүлдөрү Кыргызстанга иш сапары менен келишкен.
Жолугушууда тараптар эл аралык күн тартиби, дүйнөдөгү геосаясий кырдаал, Борбор Азиядагы кызматташтык жана глобалдык актуалдуу маселелер боюнча пикир алышкан.
Министр элчилерге өлкөнүн жетишкендиктери жана алдыда пландалып жаткан ири иш-чаралар тууралуу кеңири маалымат берген. Ошондой эле ал БУУ Кыргызстандын тышкы саясатындагы артыкчылыктуу багыт экенин баса белгилеген.
«Ал эми чет элдик мамлекеттердин элчилери Кыргызстандын БУУдагы ишмердүүлүгүнө жана Уюмга кошкон салымына жогору баа берип, климаттын өзгөрүшү, тоо күн тартибин илгерилетүү, биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо, туруктуу өнүгүү, тынчтык жана коопсуздук маселелери сыяктуу дүйнөлүк коомчулуктун актуалдуу суроолорун камтыган Кыргызстандын маанилүү демилгелерин белгилешти»,- деп айтылат маалыматта.