Кыргызстанда 430 миңге жакын адам вирустук гепатит менен жашайтДүйнө глобалдык экономикалык кризистин босогосунда турат жана Кыргызстандын ШКУдагы ролу азыр өтө маанилүү — экспертИИМ Тай-Мурас Ташиевге карата кылмыш ишин козгодуОштогу бүтпөй калган курулуш объектилерин Курулуш министрлиги аягына чыгаратДастан Бекешев депутаттарга уруксат берилген ишмердүүлүктүн түрлөрүн тактоону сунуштадыБаткенде 3 миңден ашык тургун таза суу менен камсыз болот
Баткенде жаран шахтада газга ууланып каза тапты
20.05.2025 | 17:30
Баткен облусунун Кадамжай районундагы Боз айылынын тоосунда жайгашкан өз алдынча көмүр казуучу шахтада бир жаран газга ууланып каза тапты. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Маалыматта айтылгандай, бүгүн, 20-майда “112” кызматына аталган шахтага (9-забой) газ толуп, ичинен бир эркек киши чыга албай калгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.
Куткаруу ишин жүргүзүүгө ӨКМдан 6 куткаруучу тартылган. Куткаруучулар аталган жарандын сөөгүн забойдун 90 метр тереңдигинен алып чыгып, туугандарына өткөрүп беришкен.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар